Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Атамбаев: Шайлоо таза өтөт


Президент Атамбаев Талас облусунун активи менен жолугушууда
Президент Атамбаев Талас облусунун активи менен жолугушууда

Алдыдагы президенттик шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болот.

Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Талас облусунун активи менен жолугушууда айтты.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, "салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы жарандардын автожолдордун, мектептердин, ооруканалардын жана башка социалдык объектилердин курулушуна жана башка маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди".

Атамбаев президенттик мезгили жөнөкөй болбогонун белгилеп, дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн таластыктарга ыраазычылык билдирди.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Атамбаевдин мамлекет башчылык мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. Ушул күндөрү ал аймактарды кыдырып, эл менен жолугууда.

XS
SM
MD
LG