Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Темирлан Сманбеков Нарын театрына жетекчи болуп барды


Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков
Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков

Кыргыз эл артисти Темирлан Сманбеков Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрына жетекчи болуп дайындалды. Мындай буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кол койду. Бул тууралуу кабарды Сманбеков өзү “Азаттык” радиосуна ырастады. Ал театрдын 80 жылдыгын өткөрүү боюнча даярдык көрүп жатканын белгиледи.

Темирлан Сманбеков буга чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрын жетектеп турган. Театрдын дагы бир мурдагы жетекчиси Марат Алышпаев Сманбековду артисттердин эмгек акысын бербей, бир катар демөөрчүлөр менен иштешип акча жасоону көздөгөн, каражат бухгалтерияда кириш-чыгыш болгон эмес деп күнөөлөп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз жазган.

Темирлан Сманбеков күч органдары бардык фактылар боюнча эки жылдан бери текшерүү жүргүзүп келатканын, ар бир берилген акча максаттуу иштетилгенин “Азаттыкка” билдирди.

Сманбеков ушул жылдын 31-мартында жогору жактын басымынан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG