Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандары боюнча маалымат берди


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Казакстандагы элчилиги жана Алматыдагы Башкы консулдугу менен бирге казак жергесиндеги кыргызстандыктардын абалын туруктуу негизде көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу бүгүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

“Биздин кызматкерлер Казакстандын миграциялык саясат органдарында жолугушууларды өткөрүштү. Казак тарап “Легалсыздар-2017” иш-чарасын өткөрүп жатканын, бирок кыргыз жарандарына карата кандайдыр бир атайын иш-чара өткөрүлбөгөнүн билдирди" деп белгиледи ТИМ.

Ошондой эле Астанада жайгашкан элчилик менен (+7 7172) 242024, (+996 312) 979701, Алматыдагы Башкы консулдук менен (+7 7272) 642212, 622173, 642212 номурлары аркылуу байланышса болору кошумчаланды.

8-октябрда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындап сүйлөгөн.

10-октябрдан тарта чек арадан казак тарапка өтүү кыйындады.

Казакстандын Чек ара кызматы 10-11-октябрда өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттарга каршы операция жүргүзүп, 8 миң адамды, анын ичинен 2,5 миң кыргызстандыкты текшергенин билдирди.

Кыргыз жарандарынан 386 адам административдик жазага тартылганы, 242 адам өлкөдөн чыгарылганы, административдик арестке 21 адам кабылганы да айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG