Казакстандын 70 жаштагы жараны Альбина Шагимова кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде каза болду.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Азаттык” радиосуна ырасташкандай, маркумдун жүрөгү ооручу. Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Айгүл Сыдыкованын белгилешинче, ал Кыргызстанга тажыяга келаткан. Жанындагы жолдошу чек арада беш сааттай күтүп калышканын айткан.
- Алдын ала гипертоникалык кризис деп айтып жатабыз. Кан басымы көтөрүлүп кеткен болушу ыктымал.
Маркумдун сөөгү өздөрү келген машина менен алынып кетти.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн. Жергиликтүү бийлик чек арадан алыс эмес жерге чатыр тигип, ысык тамак уюштурган.
Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырган. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу.
"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, "Ак-Жол" бекетинде абал өзгөргөн эмес. Кезек күткөндөр, каз катар тизилген унаалар дале болсо көп. (КЕ)