Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

АКШ IRGCни антитеррордук санкция тизмесине киргизди


IRGC командачысы Мохаммад Али Жафари жана Иран тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф
IRGC командачысы Мохаммад Али Жафари жана Иран тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф

АКШ Ирандагы "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусун" (IRGC) антитеррордук санкциялар тизмесине расмий киргизди. Бул тууралуу 13-октябрда АКШнын Казына департаментинин сайтына жарыяланды.

Анда корпус "бир катар террордук топторго, анын ичинде "Хезболла", ХАМАС жана "Талибанга" жардам көрсөтүүгө багытталган" деп айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө тизмеге киргизүү IRGCни чет өлкөлүк террордук уюм катары тааныды дегенди билдирбейт, деп чечмеленет.

Департаменттин ушул эле маалымдамасында "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна" техникалык, каржылык жардам берет делген үч башка уюм да көрсөтүлгөн.

IRGC Иранда 1979-жылкы ыңкылаптан кийин түзүлгөн аскердик-саясий кошуун. Ал өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгү катары эсептелет.

XS
SM
MD
LG