Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтөт


Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар.
Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар.

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Добушканалар эртең мененки саат 8:00дө ачылып, кечки саат 20:00дө жабылат.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 добушкана ачылат. Орусияда алты, Германияда үч, Казакстанда эки, Түркияда эки, Кытайда эки, Бириккен Араб Эмирлигинде экиден шаарда мекендештер добуш бере алат.

Президенттикке ат салышууга жалпысынан 59 адам арыз берген, БШК анын 13үн каттаган.

Талапкерлердин бюллетенде жайгашкан катар номурлары:

№1 - Эрнис Зарлыков;

№2 - Токтайым Үмөталиева;

№3 - Темир Сариев;

№4 - Улукбек Кочкоров;

№5 - Таалатбек Масадыков;

№6 - Өмүрбек Бабанов;

№7 - Арстанбек Абдылдаев;

№8 - Азимбек Бекназаров;

№9 - Сооронбай Жээнбеков;

№10 - Адахан Мадумаров;

№11 - Камчыбек Ташиев;

№12 - Арстанбек Малиев;

№13 - Бакыт Төрөбаев.

Кийинчерээк Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун, ал эми Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун пайдасы үчүн президенттик жарыштан чыкканын жарыялаган. Андыктан алардын бюллетендеги ысымдарын добуш берүүгө үч күн калганда шайлоо комиссияларынын кызматкерлери чийип чыгышкан.

Азимбек Бекназаров президенттик жарыштан чыкканын 12-октябрда билдирген. Бирок ал шайлоодон баш тартканын кеч жарыялагандыктан аты бюллетенде калаары айтылган.

Кыргызстанда президент алты жылга шайланат.

Учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрда аяктайт. (ZB)

XS
SM
MD
LG