Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Жээнбеков: Чоң жоопкерчилик артылганын сезип турам


Бул тууралуу КСДП президенттик кызматка көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Ал шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айтып, аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, атаандаштарына жана башка тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдирди:

- Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым - ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.

Жээнбековдун бул айткандарын анын тарапкерлери кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55,93% түздү. Жалпысынан каттоодон 3,025,770 шайлоочу өткөн. Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 916 892 киши добуш берген. Экинчи орунга 565 071 добуш менен Өмүрбек Бабанов чыкты.

Адахан Мадумаров 108 399, Темир Сариев 42 975, Таалатбек Масадыков 10 585, Арстанбек Абдылдаев 1990, Эрнис Зарлыков 1530 добуш алган.

Шайлоодо он бир талапкер ат салышты. Добуштар эсептелинип, жыйынтыгы улам жаңыланууда. (NT)

Жээнбеков: Шайлоо акыйкат өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

XS
SM
MD
LG