Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Могадишодогу кош жардыруунун курмандыктары 230га жетти


Могадишо. 14-октябрь, 2017-жыл.
Могадишо. 14-октябрь, 2017-жыл.

Сомалинин борбору Могадишодогу кош жардыруунун курмандыктары 230га жетти. Жүздөгөн киши жаракат алган жардыруу ишембиде болгон. Алгач мина салынган автоунаа Могадишодогу "Сафари" мейманканасынын алдында жарылган. Бул – экстремисттик топтор Сомалиде иш жүргүзө баштаган 2007-жылдан берки эң кандуу теракт болуп калды.

Ушул эле күнү шаардагы Мадина районунда экинчи бомба жарылып, эки киши жаракат алган.

Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Буга чейин Могадишодо “Аль-Каида” террордук уюму менен байланышы бар жана Сомали өкмөтүнө каршы күрөшүп келаткан “Аш-Шабааб” тобунун кол салуулары болуп келген. Өлкө бийлиги окуядан каза тапкандарга үч күндүк аза күтүү жарыялады. Ар кандай жаракат алгандардын саны 300дөн ашкандыктан, курмандыктар дагы өсүшү мүмкүн деп айтылды.

XS
SM
MD
LG