Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстан Өзбекстанга 550 млн кВт саат электр энергиясын экспорттойт


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Кыргызстан Өзбекстан менен электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду.

Ага ылайык, ушул жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин 550 кВт саат электр энергиясы кошуна өлкөгө сатылат.

Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, электр кубатынын 1кВт сааты 2,4 центтен сатылып, жалпысынан экспорт 13 млн. 200 миң долларга бааланды.

Жайкы сезондо Кыргызстан Өзбекстанга 1,25 млрд кВт/саат электр энергиясын экспорттогон. Анын 1 кВт саат электр энергиясын 2 центтен бааланган. Бул келишим октябрь айында бүттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG