Кабул өкмөтү жана эл аралык донорлордун ооган кыздарына билим берүү аракеттери кыйла төмөндөдү.
"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму буга өлкөдөгү коопсуздук кырдаалынын начарлашы, донорлордун кетип жатышы себеп болууда деп эсептейт.
АКШ баштаган операциянын натыйжасында Талибан бийлиги кулатылганына быйыл 16 жыл болгону менен оогандык кыздардын болжол менен үчтөн эки бөлүгү мектепке барбайт.
Уюмдун бүгүн жарык көргөн жаңы докладында "билим алган кыздардын саны талиптердин тушундагыга караганда көбөйгөнү менен ооган өкмөтү бул чөйрөдө убада кылган максатына жетүүдөн алыс" деп айтылат.
Расмий маалыматка караганда Ооганстанда окубаган балдардын саны 3 жарым миллионду түзсө, алардын 85 проценти кыздар. Өспүрүм кыздардын 37 проценти гана сабаттуу, балдардын саны кыйла жогору– 66 процент.