Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Францияда бийликтин укугу жөнүндө мыйзам кабыл алынды


Франциянын Сенаты
Франциянын Сенаты

Мыйзам долбоорун өткөн жумада парламенттин төмөнкү палатасы -Улуттук жыйын кабыл алып берген. Эми ага президент Эммануэл Макрон кол коюушу керек.

Бул мыйзам терроризм менен күрөшүүдө бийликтин укугун кеңейтип, чукул кырдаалдын мөөнөтү бүткөндөн кийин да ал тартипте иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Францияда чукул кырдаал 2015-жылы 13-ноябрда 130 кишинин өмүрүн алган Париждеги теракттан кийин киргизилген. Андан бери алты жолу узартылды. Бул аралыкта терроризмден дагы 100 киши набыт болду.

Human Rights Watch уюму жана БУУнун укук коргоочулары Франциянын жаңы мыйзамын жарандардын укугун чектейт деп сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG