Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Лавров АКШ менен стратегиялык сүйлөшүүлөргө пессимисттик көз карашта


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Вашингтондун стратегиялык стабилдүүлүк сүйлөшүүлөрүнөн жакынкы мезгилде майнап чыгат деп күтпөш керек деп билдирди.

20-октябрда орус баш кааласында ядролук куралды жайылтпоого арналган конференцияда министр АКШ Орусия 1987-жылы түзүлгөн келишимди бузууда деген ырастоолорун түшүндүрбөй жатканын, бул – сүйлөшүүлөрдү туңгуюкка такаганын айтты.

Лавровдун айтымында, Москванын да Вашингтон келишимди сактабай жатат деген кооптонуулары бар. "Орусия атомдук куралды жайылтпоо келишимине кошулбайт", - деди министр.

Азыр сунуш кылынган документ бир топ принциптерди урматтоодон алыс, стратегиялык стабилдүүлүккө таасир эткен бардык факторлор эске алынган эмес. Ошондой эле ядролук куралды жайылтпоо режимине залака алып келиши ыктымал.

Лавров ошондой эле 2015-жылы Иран менен жетишилген ядролук келишимге колдоо билдирди.

XS
SM
MD
LG