Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Грузияда президентти эми депутаттар шайлашат


Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили конституциялык түзөтүүлөр жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкө парламенттик системага өтүп, президентти эми депутаттар шайлашат.

Георгий Маргвелашвили буга макул эместигин билдирип, мыйзамга вето койгон.

"Кол коюу мен үчүн өтө кыйын болду. Бирок өлкөнүн сырткы жана ички проблемаларын эске алуу менен, туруксуздукка алып келбеш үчүн документке кол койдум", - деди президент.

Маргвелашвили өзгөртүүлөр башкаруудагы "Грузиянын кыялы" партиясынын бийлигин бекемдөөнү гана көздөйт деп сындаган.

Парламент алымча-кошумчаларды 26-сентябрда жактырган. 13-октябрда болсо президенттин ветосуна каршылыгын билдирип, четке кагышкан.

Пропорционалдык шайлоо системасына өтүү 2024-жылдан баштап каралган. Ал эми 2025-жылдан тарта президентти мыйзам чыгаруучулардан турган атайын кеңеш шайлайт.

Дагы бир түзөтүүлөргө ылайык, айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу салынат, парламенттеги оппозициялык партияларга болсо иликтөө комиссияларын түзүүгө уруксат берилет.

XS
SM
MD
LG