Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат


Алмамбет Шыкмаматов сотто.
Алмамбет Шыкмаматов сотто.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту уланат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.

Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган.

Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.

Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп атап келет. (NT)

XS
SM
MD
LG