Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

БШК сегиз шайлоо участогундагы добуштардын жыйынтыгын жокко чыгарды


15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулар.
15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 23-октябрда 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду жана таблицаларды кабыл алуу аяктады.

Кабыл алуу 18-октябрдан бери жүргөн. Анын жыйынтыгында Сузак, Сокулук, Кара-Суу жана Бишкектеги айрым аймактык шайлоо комиссияларында бюллетендер идентификациядан өткөн шайлоочулардын санынан көп болуп калганына байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды.

Натыйжада, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы төрт аймактык шайлоо комиссиялары № 2118 участокто добуштардын жыйынтыгын саноодо 577, № 2119де 259, № 2120да 126, № 2126да 85 айырма чыккан. Ал эми Чүй облусунун Сокулук районундагы № 7269 добушканада 55, Ош облусунун Кара-Суу районундагы № 5180 шайлоо участкасында 48, Түркиянын Анкара шаарындагы № 9036 добушканада 9, Бишкектеги № 1243 тилкеде эки айырма болгон.

БШКнын билдиришинче, добуш саноодо мүчүлүштүктөргө жол берген аймактык шайлоо комиссиялар таркатылды, эреже бузуулар тууралуу материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында 54 аймактык шайлоо комиссиялары иштеген.

Добуш берүүлөргө жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны, 1 692 423 жаран катышкан.

11 талапкер ат салышкан саясий жарышта КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбеков 54,7 пайыз добуш алып, жеңип чыккан. (NT)

XS
SM
MD
LG