Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

БШК шайлоого катышкан жарандардын тизмесин жарыялады


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышкан жарандардын тизмесин жарыялады. Мекеменин сайтындагы тизмеде ар бир аймак өз-өзүнчө жазылып, "Шайлоо" деген бөлүккө жайгаштырылган. 

БШКнын адистеринин айтымында, шайлоого катышкандардын тизмесин жарыялоо "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-пунктуна ылайык жүргүзүлдү. 

Ошондой эле аталган мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктка ылайык, шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинди.

Учурда БШКда Аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алуу жараяны уланууда. 21-октябрга карата 54 Аймактык шайлоо комиссиясынын 46сынан документтер келген. Эрежеге ылайык, протоколдор 3-ноябрга чейин кабыл алынып, БШКнын сайтына чыгышы керек. 

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 56 пайызга жакыны, тагыраак айтканда 1 миллион 692 миң 423 жаран катышкан. 

11 талапкер ат салышкан шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 54,7 пайыз добуш алып, жеңип чыккан.

 

XS
SM
MD
LG