Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча 2018-жылдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында (U-19) Кыргызстан менен Непалдын командалары беттешип жатат. Оюндун 1-таймы 1:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады.
Беттештин жүрүшүн түз эфирде "КТРК Спорт" телеканалы көрсөтүүдө.
Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, футбол боюнча 19 жашка чейинки курама командалар арасында 2018-жылдагы Азия чемпионатынын тандоо оюндарына 44 команда катышып, 10 тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. Тандоо оюндарынын жыйынтыгында биринчи орунду алган 10 команда жана экинчи орундагы мыкты беш команда финалдык бөлүккө жолдомо алышат.
Кыргызстан А тобунда Оман, Непал, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирлигинин жаштар курама командалары менен ойнойт. Оюндар 2-4-6-8-ноябрь күндөрү саат 12:00 жана 17:00дө өтөт. Кирүү акысыз. Бүгүн саат 17:00дө Оман жана Бириккен Араб Эмирлигинин командалары беттешет. (ECh)