Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Төрт киши жабыркаган жол кырсыгынын себепкери аныкталды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрт киши жабыркаган жол кырсыгына ким күнөөлүү экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, кырсыктан жаракат алгандар милицияга арыз жазган эмес, жеңил жаракат алдык деп ооруканага жатуудан баш тартышкан.

7-ноябрдын кечинде Жети-Өгүз-Каракол жолунун 12-чакырымында, Ырдык айылында "Фольксваген-Гольф" машинеси "Аудини" ашып өткөндөн кийин башка жолдон "Жигули" үлгүсүндөгү автоунаа чыга калып кагылышуу болгон. Андан үч машине тең сүзүшүп, төрт киши жабыркаган. Кырсыкка "Жигулинин" айдоочусу күнөөлүү экени белгилүү болду. Жергиликтүү милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгогон жок. Күнөөкөр тарап административдик айып тартат деп маалымдашты.

Кыргызстан жол кырсыктары эң көп катталган өлкөлөрдүн бири. Орто эсеп менен күнүнө жол кырсыктарынан 2-3 адам каза табат. Соңку эки күндө эле жолдогу кырсыктар 20дай кишинин өмүрүн алды. Республикалык Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, жыл башынан бери өлкөдө 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган, 6700дөн көбү түрдүү жараат алды.​ Жол кырсыктардын алдын алуу, бөөдө өлүмдөрдү азайтуу жана жүргүнчүлөр коопсуздугу кыргыз коомчулугу көп талкуулаган темалардан. Бийликтин жолдогу коопсуздукту камсыздоо аракеттери натыйжа бере элек.

XS
SM
MD
LG