Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:37

ЕБ: активисттер Могерини менен жолугушуу жөнүндө расмий кайрылган эмес


Федерика Могерини менен премьер-министр Сапар Исаковдун жолугушуусу. 9-ноябрь, 2017-жыл.

"Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму Европа Биримдигинин жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолугушуу үчүн расмий кайрылган эмес. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматта аталган уюмдун өкүлү жолугушуу боюнча кеч байланышканы белгиленген.

"ЕБ өкүлчүлүгү "Сөз эркиндигин коргоо комитетинен Могерини менен кездешүү үчүн расмий өтүнүч алган жок. 8-ноябрда кечке маал, анын сапарынын алдындагы акыркы күндө гана уюмдун өкүлү чалып, Федерика Могерини менен жолугушууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн сураган. Сапардын программасы өтө тыгыз болчу, ага мамлекеттик жогорку кызматтагылар менен гана жолугушуулар киргизилген. Ал эми уюмдун өкүлү чалган кезде сапардын акыркы программасы макулдашылып, бекитилип калган, ошондуктан ага кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү мүмкүндүгү болгон жок", - деп жазылган.

Бүгүн "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун өкүлү Равшан Жээнбеков жарандык коом Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолуга албай калганын, активисттер Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги боюнча маалымат берүүнү көздөгөнүн билдирген болчу.

Федерика Могерини 9-ноябрда Бишкекке келген. Анын жүрүшүндө бийликтеги мөөнөтү бүтүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев жана жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жабык эшик артында жолугушту. Бул сүйлөшүүлөрдүн мазмуну ачык жарыяланган жок.

Могерини өкмөт башчы Сапар Исаков менен журналисттердин коштоосунда жолугуп, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты.

Президент Атамбаев Могериниге Еврошаркет менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн "Достук" орденин тапшырды. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG