Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:24

Балыкчы-Ананьево-Каракол жолундагы кырсык үч өмүрдү жалмады


Балыкчы-Ананьева-Каракол унаа жолундагы аварияда үч адам каза болду. Кырсык 13-ноябрда эртең менен саат жетилерде болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, BMW үлгүсүндөгү машине жолдон чыгып кетип, даракты сүзгөн. Мерт болгондордун тек-жайы такталууда.

Расмий эсеп боюнча, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда катталган жол кырсыктардын саны 5 миңден ашып, 700дөй киши набыт болду. Жарадар болгондордун саны 7800дөн көп.

Өткөн жумада премьер-министр Сапар Исаков Патрулдук милиция башкармалыгын жоюп, аны Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык деп кайра түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

Өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлүп, төрагалыгына вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев бекитилген. (SE)

XS
SM
MD
LG