Австралиядагы референдумда шайлоочулардын көбү кумсалардын никесин колдоду.
Өлкөнүн Статистика бюросу кабарлагандай, референдумга катышкан шайлоочулардын 61,6 пайызы бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууга “макул” деп добуш беришти.
Референдумдун жыйынтыгы милдеттүү күчкө ээ эмес, бирок өлкө премьер-министри Малколм Турнбулл мыйзамды Рождество майрамына чейин өзгөртүүгө убада берди. Турнбулл бир жыныстагылардын никесин мыйзамдаштырууну мурда эле колдоп келген. Анткен менен ал жетектеген өкмөттө бул позицияга каршы чыккандар да бар.
Австралияда добуш берүү почта аркылуу жүргүзүлүп, сегиз жумага созулган. Ага жалпы шайлоочулардын 79,5 пайызы же 12,7 миллион киши катышкан.