Линктер

ишемби, 26-май, 2018 Бишкек убактысы 09:58

Брюсселде "Чыгыш өнөктөштүгүнүн" саммити башталууда


Армян лидери Серж Саргсян менен Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини

24-ноябрда Брюсселде Украина, Молдова, Грузия, Армения, Азербайжан, Беларус жана Евробиримдиктин лидерлеринин катышуусундагы "Чыгыш өнөктөштүгүнүн" 5-саммити башталууда. Бул жолку жыйында Евробиримдик менен мурдагы советтик өлкөлөрдүн ортосундагы чек арада туруктуулук менен демократияны бекемдөө жана экономикалык интеграция маселеси талкууланат.

Ошондой эле Европа Биримдиги менен Армениянын ортосундагы жакшыртылган өнөктөштүк келишимине кол коюлат. Бирок бул макулдашуу Грузия, Молдова жана Украина менен жетишилген ассоциациялык келишимдерден айырмаланып, эркин соодага уруксат бербейт.

Саммитте британ премьер-министри Тереза Мэй мурдагы советтик өлкөлөрдү Москванын бейстабилдүүлүккө шек келтирген аракеттерине чогуу каршы турууга үндөйт деп күтүлүүдө.

Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүгү" долбоору 2009-жылы башталган. Бул программа экономикалык интеграцияны жайылтууну жана Чыгыш Европа менен Түштүк Кавказ өлкөлөрүндө европалык баалуулуктарды бекемдөөнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG