Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

Грузия Кыргызстандан айыл чарба өндүрүмүн алууга кызыкдар


Оштогу базар.
Оштогу базар.

Бул тууралуу Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Зураб Абашидзе экономика министри Артем Новиков менен жолукканда билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, Новиков соңку учурда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, саясий кызматташтык өнүгүп жатканын белгилеп, бирок аны жаңы деңгээлге жеткирүү зарыл экенин айтты. Ошондой эле “Таза коом” долбоорунун алкагында Грузиядан инвестиция тартуу боюнча демилгелер колдоого алынарын кошумчалады.

Өз кезегинде грузин элчиси анын өлкөсү Кыргызстандан айыл чарба өндүрүмүн, анын ичинде кургатылган жемиштерди, төө буурчак ташууга кызыктар экенин айтты. Ошону менен бирге Кыргызстанга минералдык суу, грузин виносун алып келүүгө даяр экенин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG