Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:42

Парламент жана өкмөт Чубак Жалиловдун экинчи аял алуу тууралуу чакырыгы боюнча өз пикирин билдириши керек. Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Аида Касымалиева айтып чыкты:

- Жаш жана кеңири аудиториясы бар адамдардын көп аял алуу тууралуу ойлонулбаган жана жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү - Кыргызстандагы конституциялык түзүлүш үчүн чоң коркунуч. Эгер мамлекеттик институттар мындай билдирүүлөргө реакция кылбаса өлкөбүздү толук өзгөртө турган прецедент жаралышы ыктымал.

Депутат белгилегендей, жарандардын көп аял алуу маселесине карата мамилесин билиш үчүн быйыл 5-12-июлда Кыргызстанда сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кыргызстандыктардын 76% диний ишмерлердин мындый көрүнүштү мыйзамдаштыруу боюнча сунушуна каршы экени белгилүү болгон.

21% макулдугун билдирген, бирок алардын көбү кызы, эже-карындашы же эгер респондент кыз-келин болсо, бирөөгө экинчи же үчүнчү аял болууга каршы экенин билдиришкен.

28-ноябрда Интернетте видео тараган. Анда Чубак ажы: "Мен үйлөндүм дагы. Бирок ажырашкан жокмун, байбичем менен. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм. Мен баштабасам ким баштайт? " деп жарыялаган.

Учурда бул тасма Интернетте кызуу талкууланып жатат.

Бир катар укук коргоочулар жана жарандык активисттер Жалиловду мыйзам бузууга чакырык таштаганы үчүн айыптап чыгышкан. Ал өзү азырынча расмий комментарий бере элек.

Чубак Жалилов Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгын 2010-2013-жылдары жетектеп турган. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG