Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Саакашвилини Украинанын Коопсуздук кызматы кармап кетти


Михаил Саакашвилини Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап баратышат.
Михаил Саакашвилини Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап баратышат.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили 5-декабрда Киевде Украинанын Коопсуздук кызматы тарабынан кармалганы маалым болду.

Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Елена Хитлянскаянын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна кабарлаганы боюнча Саакашвилинин үйүндө Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү менен кошо тинтүү жүргүзүлдү. Хитлянская тинтүүнүн себептерин түшүндүргөн жок.

Саакашвилинин үйүнүн жанына анын тарапташтары чогулуп "Миша!", "Импичмент!", "Уят!" деп кыйкырып турушту.

Эки күн мурда Михаил Саакашвилинин "Жаңы күчтөрдүн кыймылы" деген партиясы Киевде Украинанын президенти Петро Порошенконун импичментин талап кылган митинг өткөргөн. Ага миңдеген адамдар катышкан.

Президент Порошенко соңку нааразылык акцияларынын чыныгы максаты - өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуу экенин айтып келатат.

2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болуп турган Саакашвили мекенинде кызматтан кеткенден кийин "төңкөрүш уюштурууга аракеттенген" деп шек саналууда. Бирок ал өзү расмий Тбилисинин мындай дооматтарын четке кагып келатат.

2015-жылы болсо аны Порошенко Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда Грузиянын жарандыгын тапшырган.

Бирок былтыр ноябрда мамлекет башчынын өнөктөштөрү анын ишине тоскоолдук кылышканын билдирип, кызматтан баш тарткан.

Андан кийин Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан да ажыратып салган.

XS
SM
MD
LG