Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык Аскарбек Шадиев Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңеште биринчи вице-премьер-министрлик кызматка парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин премьер-министр Сапар Исаков сунуш кылган. Алгач анын тарапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети, кийин жалпы парламент бир добуштан колдогон. Шадиев өкмөттүн отун-энергетикалык маселелерин тейлейт.
Баш мыйзамдын жаңыдан ишке кирген 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, анын депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.
48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон. (ErN)