Австралиянын парламенти бир жыныстагы түгөйлөрдүн баш кошуусун мыйзамдаштырууну колдоду. Эми расмий үйлөнүү деген түшүнүк “эки кишинин биримдиги” деп аталып, жынысы такталбайт.
Мыйзам январь айында күчүнө кирди. Биринчи үйлөнүү үлпөттөрү бир айдан кийин болмокчу. Бир жыныстагы түгөйлөрдүн укуктары эркек менен аял курган үй-бүлөнүкүнөн айырмаланбайт. Бирок диний уюмдар алардын баш кошуусун тааныбашы мүмкүн.
Ноябрда Австралиянын бийлиги өткөргөн сурамжылоого катышкан 13 миллион кишинин 62 пайызы бир жыныстагылардын расмий никесин мыйзамдаштырууну колдогон. Сурамжылоо юридикалык күчкө ээ эмес экени башынан эскертилген.
Буга чейин Ирландия менен Словения бул маселени элдик референдумга алып чыгышкан. Бардыгы болуп эми андай негизде баш кошууга 25 өлкөдө уруксат берилет.