Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:29

Салянованын сотунда күбөлөр көрсөтмө берүүдө


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы башкы прокурор, экс-министр Аида Саляновага байланыштуу ишти карап жатат. Анда 2009-2012-жылдар аралыгында Юстиция министрлигинде иштеген, учурда жеке ишкер Алмаз Бабаев менен учурдагы министрликтин кызматкери Учкунбек Акимбай уулу күбө катары суроолорго жооп берди.

Экөө тең 2010-жылы Алексей Елисеевге карата адвокаттык лицензияны узартпай койгонго себеп жок болгонун айтышты. Учкунбек Акимбай уулу адвокаттын лицензиясын узартууда министрликтин бөлүм башчысы, андан соң министрдин орун басары уруксат бериш үчүн документке кол коюшу керек экенин айтты. Күбө ансыз министр документти кабыл албай турганын кошумчалады. Күбөлөр мурда-кийин Елисеевге лицензияны узартуу боюнча Салянова кимдир-бирөөгө буйрук бергенин укпаганын, лицензия мыйзамга ылайык узартылганын айтышты.

Салянова Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууда 2010-жылы ошондогу орун басары Жылдыз Мамбеталиева иштеп, ошол документти кароого жооптуу болгонун айтып келет. Мамбеталиева жайында райондук соттогу отурумдардын бирине бир жолу келип, андан сон залдагы катышуучулар тарабынан басым болгонун өз катында жазып, сотко келүүдөн баш тарткан.

Буга чейин мурдагы юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева "Азаттык" радиосуна бул боюнча комментарий берип, "Аида Салянова аудио жаздырып алып, жоопкерчилигин кол алдындагыларга артып жатат" деп билдирген. Ал Салянова жетекчи катары кайсы бир чечимге кол койсо, ошого жооп бериши керек экенин айткан.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул иш саясий буюртма экенин белгилеп келет.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Өкүмгө ылайык, Аида Салянова жазасын кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Салянованын кызы азыр үчкө чыга элек. Мындай өкүмгө макул болбогон Салянова доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна 19-октябрда кайрылган.(КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG