Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Сүйүнчү акча февралдын ортосунан тартып колго тие баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бала төрөлгөндө бериле турган сүйүнчү акчаны алуунун жолдору автоматташтырылат жана болушунча жөнөкөйлөтүлөт. Бул маселе өкмөттүк жыйында талкууланды.

Анда айтылгандарга караганда, сүйүнчү акча февраль айынын ортосунан тартып колго тие баштайт. Ата-эне документ чогултуп убара болбошу үчүн бала төрөлгөндө күбөлүк берилип жатканда эле тиешелүү маалыматтар электрондук түрдө социалдык өнүгүү органдарына, андан кийин банк кызматтарына өткөрүлүп берилет.

1-январда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча берилет. Ар бир балага кеминде төрт миң сом өлчөмүндө сүйүнчү акчаны алыш үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек.

Бул акчанын көлөмү аймактын өзгөчөлүгүнө жараша түрдүү болушу мүмкүн. Маселен, Нарын облусунун Ат-Башы районунун айрым айылдары үчүн өкмөт аныктаган 1.8 коэффициентинин негизинде сүйүнчү акча 7200 сом болот.

Адистердин айтымында, сүйүнчү акчаны бала төрөлгөндөн тартып бир жыл ичинде алса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG