Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

"Мемориал" Ингушетиядагы кеңсеси өрттөлгөнүн билдирүүдө


17-январда өрт чалган иш бөлмө. Сүрөт "Мемориалдын" сайтынан алынды.
17-январда өрт чалган иш бөлмө. Сүрөт "Мемориалдын" сайтынан алынды.

Шаршембиде таңга жуук Ингушетиянын Назрань шаарындагы "Мемориал" укук коргоо борборунун кеңсесин өрт чалды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгы андан эч ким жаракат албаганын, бирок компьютерлер, эмерек жана айрым документтер күйүп кеткенин билдирди.

Борбор өзү кеңсесин белгисиз бирөөлөр атайын өрттөп кеткенин сайтына жазды.

"17-январда түнкү саат 3:35те имаратка бир машине келип, андан канистр кармаган, беткапчан эки киши чыкканы камерага түшүп калган. Алар дубалга шатыны жөлөп, "Мемориалдын" кеңсеси жайгашкан экинчи кабатка көтөрүлүшкөн" деп жазылат анда.

Уюмдун өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, келген кишилер ошондон кийин видеокамера тартпаган жакка өтүшкөн жана алар терезени талкалап, өрттөп кетиши ыктымал.

9-январда Чеченстанда "Мемориалдын" Грозныйдагы бөлүмүнүн башчысы Оюб Титиев "унаасынан баңгизат табылды" деп кармалган. Титиев бул кылмыш ишинин жасалма экенин айтып, күнөөсүн мойнуна албай турганын, автоунаасына баңгизат ташталганын билдирүүдө.

Борбор бул эки окуянын байланышы бар деп эсептеп, кимдир-бирөөлөр алардын адам укуктарын коргоо боюнча озуйпасын чектеп, "Түндүк Кавказдан сүрүп чыгарууга аракеттенүүдө" деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG