Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Юнкер: Британия кайра Евробиримдикке кошула алат


Тереза Мэй жана Жан Клод Юнкер. 8-декабрь, 2017-жыл.
Тереза Мэй жана Жан Клод Юнкер. 8-декабрь, 2017-жыл.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Британия Евробиримдиктен 50-беренеге ылайык чыгып жатканы менен 49-беренеге ылайык кайра кошула аларын билдирди. Ал 17-январдагы билдирүүсүндө урмат-сый мамиледе болуп, алыстабай, жакындоону каалап турганын белгиледи.

- Британиянын чыгып кетиши кыйроого тете экенин, биз баарыбыз жоопкер болгон жеңилүү экенин сезип турам. Бирок мунун тамыры тереңде. Премьер-министр Мэй айткандай, Евробиримдиктин курамында британдар өзүн эч качан эркин сезишкен эмес жана кырк жыл бою аларга өзүн эркин сезүүгө мүмкүнчүлүк берилген жок. Көпчүлүктүн айыбы мына ушунда.

Британ премьери Тереза Мэйди эске алган Юнкер Лондон анын сөзүнө кулак саларына үмүт артып жатканын кошумчалады.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы боюнча сүйлөшүүлөр Брюсселде 19-июнда башталган. Ал 2018-жылдын аягына чейин уланат. Ошондон кийин макулдашууларды улуттук парламентте ратификациялоо үчүн тараптарга алты ай берилет.

Британиялыктар Евробиримдиктен чыгуу боюнча 2016-жылы добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG