Сербиялык белгилүү теннисчи Новак Жокович Австралиянын ачык чемпионатынан чыгып калды. Ал дүйшөмбүдө теннис мелдешинин төртүнчү айлампасында 21 жаштагы түштүк кореялык Хён Чоңго утулуп калды.
Теннисчилердин дүйнөлүк рейтингинде 58-орунда турган, көпчүлүккө анчейин белгисиз Чоң Австралиянын ачык чемпионатын алты жолу уткан Жоковичти 7-6 (4), 7-5, 7-6 (3) эсебинде жеңди.
"Чоң шлем" мелдештеринде баш-аягы 12 жолу чемпион атыккан серб теннисчиси чыканагындагы жарааттынан улам былтыркы сезондо да ийгиликке жеткен эмес.