Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-2-февралда расмий иш сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева 31-январда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, расмий иш сапары тажик президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен болмокчу.

Иш сапарынын жүрүшүндө Жээнбеков Тажикстандын президенти, премьер-министри жана спикери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт. Күн тартибине киргизилген маселелердин арасында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо да бар.

- Соода-экономикалык алака боюнча да пикир алмашуу болот. Эки мамлекет ортосунда товар жүгүртүү көбөйүп жатат, бирок аны дагы арбытуу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, ал толук колдонулбай келет. Андыктан тараптар бул багытта ишти күчөтүүнү максаты кылууда, - деди Субакожоева.

Президенттин Тажикстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгары айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат. Анын 55 пайызга жакыны тактала элек.

Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын эң татаал тилкесинде жайгашкан. Ошондон улам ал жерде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал, араздашуу тез-тез болуп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG