Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:28

АКШнын фондулук биржаларында акциялар кескин арзандады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбүнүн кечинде Американын фондулук биржаларында акциялардын куну кескин түшүп кетти. 30 чакты америкалык компанияга караштуу акциялардын баасын көрсөткөн "Dow Jones" индекси 4,6 пайызга же 1175 пунктка төмөндөдү. Бул 2011-жылдан берки эң ири арзандоо.

АКШдан кийин Азиядагы фондулук биржаларда да төмөндөө байкалды. Япониядагы "Nikkei" 225 шейшембинин таңында 5, 3 пайызга төмөндөсө, Гонконгдогу "Hang Seng" -4,7%га арзандады.

Акциялардын арзандашы бир нече күн мурда, АКШда айлык-маяна кескин көтөрүлгөнүн көрсөткөн статистика жарыяланган соң башталган. Аналитиктердин айтымында, мындан улам инфляция кескин күчөп кетиши мүмкүн. Аны алдын алуу максатында Американын Борбордук банкы насыянын үстөк пайызын жогорулатууга мажбур болууда. Эксперттер ушунун баары акциялардын баасын өзгөрттү деген пикирде. ​

Доналд Трамп президенттикке келгени акциялардын наркы алгач ирет кескин төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG