Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Ооганстанда беш полициячы мерт болуп, 30 киши уурдалды


Ооганстандагы конференция. 28-февраль, 2018-жыл.
Ооганстандагы конференция. 28-февраль, 2018-жыл.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, бул эки окуя тең өлкөнүн түштүгүндө, Кандагар жана Урузган провинцияларын туташтырган кан жолдун боюнда болду.

Кандагардын полиция башчысы, генерал Абдул Разиктин айтымында, согушкерлер тобу көзөмөл бекетке кол салганда, алты полициячы мерт болуп, бешөө жаракат алган.

Ал эми Урузган провинциясынын бийлиги өлгөндөрдүн саны бешөө экенин кабарлады. Расмий өкүлдөр ошондой эле уурадалгандарды бошотуу аракети көрүлүп жатканын маалымдашты.

Полиция кызматкерлеринин өлтүрүлүшү, адамдардын уурдалышы үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок Кандагардын полиция башчысы Абдул Разикбул үчүн “Талибанды” айыптады.

Бүгүн эле Кабулдагы конференцияда ооган президенти Ашраф Гани "Талибанга" өлкөнү “бирге курууну” сунуш кылган:

- Тынчтык макулдашууга жетиш үчүн биз эч кандай шарт койбостон ушундай сунуш киргизебиз. Мен "Талибанга" жана анын жетекчилигине кайрылам. Бүгүн чечим силердин колуңарда. Тынчтыкты, татыктуу тынчтыкты кабыл алгыла.

Ооган президенти "Талибанга" ок атышууну токтотууну, түрмөдөгүлөрдү бошотууну, паспорт берүүнү, Кабул же башка макулдашылган жерден кеңсе бөлүп берүүнү жана санкцияларды жоюуну сунуш кылды.

Ганинин айтымында, "Талибан" менен макулдашуунун алкагында ал Конституцияны да кайра кароого даяр. Мунун ордуна согушкерлер Кабул өкмөтүн таанып, мыйзам үстөмдүгүн урматташы керек.

Кабулдагы конференцияга 20дан ашуун өлкөнүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. "Талибан" ага чакырылган эмес.

"Талибан" Кабулдагы бийликти “куурчак режим” деп атагандыктан азыркыга чейин анын менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып, тескерисинче Ооганстанда аскери эң көп Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүнү талап кылып келет.

АКШнын президенти Доналд Трамп өткөн айда эле Вашингтон "Талибан" менен сүйлөшпөй турганын айткан.

Трамптын былтыр августта жарыяланган стратегиясы Ооганстандагы азыркы туңгуюк абалды жөнгө салып, согушкерлерди сүйлөшүү столуна олтурууга мажбурлоону көздөйт.

2015-жылы ооган өкмөтү менен "Талибан" тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, бирок ал дароо эле үзгүлтүккө учураган. (UE)

XS
SM
MD
LG