Линктер

жекшемби, 18-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:49

Мамлекет Нарында батирдин чарчы метрин 570 доллардан сатууда


Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик ипотекалык компания Нарын шаарында куруп жаткан турак жайдын чарчы метри 39 миң сомду (570 долларды) түзөт. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясы өткөн аптада «Арзан турак жай 2015-2020» программасын талкуулаган учурда айтылды. Анда Мамлекеттик ипотекалык компанияcы койгон "баа кымбат" деп сынга алынды.

Эл өкүлү Чыныбай Турсунбеков үйдүн чарчы метри күч түзүмдөрүнө 350 доллардан берилип жатканын жана 570 доллар өтө эле жогору экенин билдирди.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев Бишкекте ичи толук бүтпөгөн үйлөр 600 доллардын тегерегинде бааланарын айтып, "күч түзүмдөрүнө панел үйлөр курулуп жатат" деп жооп кайтарды. Анын айтымында, Нарында жер титирөөгө туруштук бере турган турак жайлар салынууда.

Фракция депутаттары Шамкеевдин жообуна канааттанбай, Нарында курулуп жаткан үйлөрдүн баасы суроо жаратканын белгилегени парламенттин сайтында жазылды.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы мамлекеттик мекемеде иштегендерди үй-жайлуу кылуу максатында атайын программа кабыл алган. Бирок насыянын шарт-талабы коомчулукта сын жараткан жана ала тургандар аз болгон. Өкмөт былтыр мамлекеттик эмес мекемеде иштегендерге да насыя берүүнү чечкен.

Расмий кабарга караганда, учурда Чүй жана Нарын облустарында көп батирлүү эки үй курулуп жатат. Быйыл Каракол, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас шаарларында да курулуш баштоо мерчемделүүдө. (NT)​

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG