"Манас" эл аралык аэропортунун маалыматы боюнча, авиакомпанияларга Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамдары боюнча билеттин баасын үч миң сомдон ашырбоо тапшырмасы берилди. Маалыматка ылайык, бул сумманын ичинде бардык чыгашалар камтылган.
Мындай баада билеттер 14-марттан 17-мартка чейин сатылат. Ал эми бул күндөрдөгү каттамдарга мурда сатылып алынган билеттердин баасы арзандатылбайт.
Январь айында кыргыз өкмөтү аба компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүп, аба ырайы кескин өзгөрүп же табигый кырсыктар катталган убактарда Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек каттамына билеттин акысын арзандатууну макулдашкан.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 22 авиакомпания каттоодон өткөн. Тийиштүү эрежелерге дал келбей, көбүнүн учууга уруксаты токтотулган. Ички каттамдар Ошко, Жалал-Абадга, Баткенге бар. Исфана менен Тамчыга да кез-кези менен каттап турат. (ZKo)