Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

ЕККУ: Орусиядагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок


Орусиядагы быйылкы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышты.
Орусиядагы быйылкы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун байкоочулар тобу бүгүн Москвадан ушундай корутундусун жарыялашты.

“Жыйналуу, биригүү, ой-пикир билдирүү боюнча негизги укуктардын чектелиши саясий карым-катыштын мейкиндигин тарытты, бул чыныгы атаандаштыкты жок кылды, - деди ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын башчысы жана атайын координатору Майкл Жорж Линк.

Орусия БШКсынын төрайымы Элла Панфилова билдиргендей, бюллетендердин 99,8% саналгандан кийин президент Владимир Путинге добуштардын 76,7% берилгени аныкталды. Бул Путиндин буга чейинки үч шайлоодон алгандарынан да жогору көрсөткүч.

Добуш берүүгө болсо расмий эсеп боюнча калктын 67,47% же 73,36 миллион киши катышкан. Компартиянын талапкери, 12% жакын добуш менен экинчи орун алган Павел Грудинин Орусиянын 18-марттагы саясий өнөктүгүн “КМШ аймагындагы эң ыплас шайлоо” деп мүнөздөдү.

Коңшу Украинанын президенти Петро Порошенко болсо аннексияланган Крымдагы шайлоонун жыйынтыгын “фальсификация” деп атады.

18- марттагы президенттик шайлоого сегиз талапкер катышты. Путинди сындап жүргөн оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный шайлоого киргизилген эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG