Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:10

КСДП Кытай Компартиясы берген 1 млн. сомдук жардам боюнча түшүндүрмө берди


Парламенттеги КСДП фракциясынын катчылыгы Кытайдын Компартиясы берген 1 миллион сомдук техникалык жардам боюнча билдирүү таратты.

Катчылыктын жетекчиси Таалай Усубалиевге шилтеме берген билдирүүдө 2017-жылдын ноябрынан тартып КСДП фракциясы Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрүнүн сунушу менен 1 миллион сомдук техникалык жардам боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылат.

"Берилген жардам парламент аркылуу өтөрү айтылган. Сөз жабдуулар жөнүндө жүргөн. Азыркыга чейин долбоор ишке аша элек, ал эртең ишке ашабы-жокпу белгисиз. Партия аркылуу бул долбоор өткөн эмес жана өтпөйт дагы", - деп жазылган КСДП фракциясынын маалыматында.

Кытай Компартиясы КСДПга 1 миллион сом жардам бергенин аталган партиянын мүчөсү, парламент депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасына катышкан учурда маалымдаган.​

23-мартта КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, алгач Кытайдын Компартиясы КСДПга техникалык жардам бергенин, бирок ал партиянын балансына өткөрүлө электигин билдирген. Кийинчерээк Кытайдын Компартиясынын техникалык жардамы КСДПга эмес, Жогорку Кеңешке берилгенин кабарлаган.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу болсо "Жогорку Кеңеш Кытайдын Компартиясынан эч кандай жардам албаганын" айткан.

Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамы саясий партиялардын чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына тыюу салат. (NT)

XS
SM
MD
LG