Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Чет өлкөдө жаза өтөп жаткандардын көбү баңгизат менен кармалган


Ушул күндөрү чет өлкөдөгү абак жайларында 1782 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда. Алардын көпчүлүгү (35%) баңгизатка байланышкан иштер үчүн соттолгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, 2017-жылы Кытайда узак мөөнөткө соттолгон эки жаран эстрадиция болуп Кыргызстанга которулган.

Акыркы жолу Кытайда камалган кыргызстандык жаран өлүм жазасына тартылганы 2016-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде баңгизат менен кармалып, алты жыл бою абакта жаткан кыргызстандык жаран, 51 жаштагы Светлана Кулбаева Кытайдын Үрүмчү шаарында өлүм жазасына тартылган.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Кытайдын абактарында 18 кыргызстандык жаран жазасын өтөп жатканын билдирген. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG