Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Польша АКШдан "Patriot" системасын сатып алат


Варшава. Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак менен АКШнын Польшадагы элчиси Пол Жонс "Patriot" абадан коргонуу системасын сатып алуу жөнүндө келишимге кол коюп жаткан учур. 28-март, 2018-жыл.
Варшава. Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак менен АКШнын Польшадагы элчиси Пол Жонс "Patriot" абадан коргонуу системасын сатып алуу жөнүндө келишимге кол коюп жаткан учур. 28-март, 2018-жыл.

28-мартта Польша Кошмо Штаттардан "Patriot" абадан коргонуу системасын сатып алуу жөнүндө келишимге кол койду. Президент Анджей Дуда 4 миллиард 75 миллион долларлык макулдашууну Польшанын куралдуу күчтөрү үчүн “тарыхый” деп атады. Президент система кымбат болгонун айтып, бирок "коопсуздуктун баасы жок" деп кошумчалады

Комплекс 16 ракета аткыч, 4 радар жана көзөмөл системасынан турат. Кээ бир бөлүктөрү өлкөнүн коргонуу өнөр жайын өнүктүрүш үчүн Польшанын өзүндө чыгарылмакчы.

Былтыр Румыния да "Patriot" системасын сатып алуу жөнүндө макулдашкан.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин НАТОнун чыгыш блогу коргонуу системаларын жана куралдуу күчтөрүн модернизациялоого киришкен.

XS
SM
MD
LG