Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 05:03

41 миңден ашуун козголоңчулар үй-бүлөлөрү менен Чыгыш Гутадан чыгып кеткенин орусиялык генерал билдирди. Генерал-майор Юрий Евтушенко «Файлак ал-Рахман» тобунун мүчөлөрү сириялык күчтөрдүн, Сириянын Кызыл жарым ай уюмунун жана орустардын аскер полициясынын коштоосунда Ирбин, Жобар, Эйн-Тарма жана Замалка деген калктуу пункттардан чыгып кетишкенин билдирди.

Сириянын президенти Башар Асаддын куралдуу күчтөрү баш калаа Дамасктын сыртындагы Чыгыш Гута аймагынын 90% бөлүгүнө өз көзөмөлүн орнотконун орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн аптада айткан.

Февраль айынын этегинде өкмөттүк күчтөр бул аймакты бир нече жылдан бери ээлеп турган козглоңчуларга абадан сокку ура баштаган. Укук коргоочулардын эсебинде, куралдуу кармаштардан жана аба соккуларынан бир жарым миңдей карапайым киши жок болду.

Козголоңчулар өкмөттүк армияга туруштук бере албасын сезгенден кийин гана Дамаск менен макулдашууга барды. Андан кийин Чыгыш Гутадагы куралдуу топтордун мүчөлөрү өлкөнүн түндүгүндөгү Идлиб провинциясына чыгып кетишти.

Батыш өлкөлөрү Дамаск менен Москваны "Чыгыш Гутаны бомбалап, андан карапайым адамдардын өмүрү кыйылды" деп айыпташкан. Сириянын бийлиги менен орус аскерлери «террорчулар» гана бутага алынганын билдиришкен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG