11-апрелде Ош облусунун прокурору, Ош облустук милициясы жана жергиликтүү бийликтин катышуусунда Ноокаттагы окуя боюнча кеңешме өттү.
Бул тууралуу Ош ОИИБнин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын маалымдашынча, окуяга байланыштуу Ноокат райондук милиция башчысын, тергөө бөлүмүнүн башчысын жана Бостон айылындагы милиция бөлүмчөсүнүн башчысын иштен алуу сунушталган.
Андан сырткары Ноокат районунун акимине окуя болгон айылдын башчысына да чара көрүү сунушталды.
Ноокат районундагы Бостон айылында сүйлөшкөн кызына барган жигитти сабаган жана бир адамдын өлүмүнө себеп болгон 14 адам кармалды. Дагы эки шектүү изделип жатат. (YI)