НТС телеканалы Орусиянын НТВ каналынын көрсөтүүлөрүн трансляция кылууну 9-апрелде токтотту. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна НТСтин жетекчиси Жайнак Үсенов билдирди:
- Өз алдынча иштейли, өзүбүздүн көрсөтүүлөрдү көбөйтөлү деп ушундай чечим кабыл алдык. Бул биздин чечим болду.
Үсөновдун айтымында, НТВнын берүүлөрү 2007-жылдан бери НТС аркылуу көрсөтүлчү. Алгач эфирдин басымдуу бөлүгүн ээлесе, соңку жылдары 3-4 саат трансляция болуп калган.
Кыргызстанда бир катар телеканалдар Орусиянын мамлекеттик жана жеке телеканалдарын трансляция кылат. Жарандык активисттер муну Кремлдин саясатын жайылтуу катары баалап жүрүшөт. 2016-жылы кыргыз өкмөтү орусиялык ОРТ жана РТР телеканалдарына өзгөчө макам берүү маселесин көтөрүп, мындай демилге кызуу талкууга түшкөн эле. (SE)