Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Ооганстан: удаалаш чабуулдардан аскерлер мерт болду


Кабулдагы бир күн мурдагы чабуул.
Кабулдагы бир күн мурдагы чабуул.

Ооганстандын Бадгис провинциясындагы эки удаалаш чабуулдан кеминде 14 жоокер жана полиция кызматкерлери мерт болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, дүйшөмбү күнү куралчан адамдар Аб Камари районундагы аскерлерге кол салып, андан 9 жоокердин өмүрү кыйылган.

Ошол эле маалда согушкерлер Кадис районундагы полиция бекетине да чабуул коюп, беш полиция кызматкерин өлтүрүп кетишкен.

Бул кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бадгис провинциясынын жетекчисинин орун басары Гулам Сарвар Хайдари талибдер чабуулдарын күчөткөнүн айтты.

22-апрелде "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү деп эсептелген жанкечти Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборунда өзүн жардырып, андан 57 киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG