Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

"Бишкек-Парк" соода борборуна "бомба коюлганы" тастыкталган жок


"Бишкек-Парктын" ичи-сыртын күч органдары текшерип жаткан учур.
"Бишкек-Парктын" ичи-сыртын күч органдары текшерип жаткан учур.

"Бишкек Парк" соода борборуна "бомба коюлганы" тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы эч кандай жардыргыч зат табылбаганын билдирди. Имарат күч кызматкерлеринин курчоосунан бошотулду.

27-апрелде саат белгисиз адам аталган соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, "жардыргыч зат орнотулганын" айткан. "Бишкек-Парктын" кызматкерлери саат 13:29да милицияга кабарлашкан. Адамдар эвакуацияланып, имарат курчоого алынган эле. Атайын кызмат телефон чалып алдаган адамдын тек-жайын тактап жатат.

Бир күн мурда Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине "бомба коюлганы" кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт катталып, айрым "телефон террорчулары" кармалганы айтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ("Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо") ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн. (SE)

XS
SM
MD
LG