Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тест тапшыра баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тест тапшыра башташты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун басма сөз өкүлү Чынара Батыракеева билдирди.

Анын айтымында, тестке негизги каттоо 2018-жылдын 15-февралынан 6-апрелине чейин жүргөн. Ал аралыкта 42491 бүтүрүүчү катталып, азыр алар тест тапшырып жатышат. Тест эки этапта болот. Биринчи күнү бүтүрүүчүлөр жалпы тест тапшырышса, эртең алар предметтик тесттерди тапшырышат. Негизги каттоого жетишпей калгандар үчүн 17-майда саат 13:00дөн 17:00ге чейин дагы кошумча каттоо жүрөт.

Тесттин каттоо акысы былтыркыдай эле 320 сомду түздү.

Чынара Батыракееванын айтымында, аймактарда жалпы республикалык тесттин жоопторун саткан алдамчылар бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин алдап акча табууга аракет кылышат.

- Алдамчылар көп болуп атат. Абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине кайрылып кетер элем - аларга ишенбесин. Эч бир суроонун жообу жок. Аны сатып алуу мүмкүн эмес. Куру сөздөргө ишенбесин, - деди билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун басма сөз өкүлү Чынара Батыракеева. (KR)

XS
SM
MD
LG