Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Алтыбаева: Соттогу экономикалык иштердин 40 пайызы жокко чыгарылган 


Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

Кыргызстандын соттору тарабынан экономикалык маселелер боюнча козголгон кылмыш иштеринин 40 пайызы жокко чыгарылган. Бул тууралуу парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, экономикалык иштердин жокко чыгарылганы Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева 2017-жылда аткарылган иштер тууралуу комитетте маалымат берген учурда айтылды:

- Элестетиңиз, 40 пайыз! "Эмнеге андай болуп жатат?" деп төрайымдан сурап: "Айрым соттор тажрыйбасыз, иш билги эмес, экономикалык иштерди жакшы билбейт, ошого чечимдери адилетсиз" деген жооп уктум. Ошондуктан ар бир сот өз ишин мыкты билген, адилеттүү, жүрөгү таза болсо, элдин аларга болгон ишеними да жогору болот деп ойлойм. Мисалы бизге 9-10 адам кайрылса, анын 7-8и сот чечимдерине нааразы болгондор. Адилетсиз, пара, акча, телефон чалуу менен чечим чыгарылганын айтып кайрылгандар көп.

Айнуру Алтыбаева кошумчалагандай, сотторго карата элдин кайрылууларынын көп болушу Кыргызстанда сот реформасы алдыга жылбаганынан кабар берет.

Парламент комитети Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Жогорку соттун маалыматы жакында жалпы сессияда талкууланат. (NT)

XS
SM
MD
LG