Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Франциянын энергия гиганты Ирандан кетиши мүмкүн


Ирандын Түштүк Парс газ кениндеги жабдуулар. 2015-жылы тартылган сүрөт.
Ирандын Түштүк Парс газ кениндеги жабдуулар. 2015-жылы тартылган сүрөт.

"Total" компаниясынын билдирүүсүнө караганда, ал Ирандан эгер АКШнын санкцияларынан жеңилдик болбосо кетет.

Мындан мурдараак Германиянын камсыздандыруу секторунда иш жүргүзгөн "Allianz" жана Даниянын танкер жасоочу "Maersk" компаниялары да ушундай эле пландарын жарыялашкан.

Бул АКШнын Иранга калыбына келген жана калыбына келүүчү санкцияларынан улам Европа компаниялары бул өлкө менен иш жүргүзүүдө туш келүүчү кыйынчылыктарды көргөзүп турат.

Ал арада Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Болгариянын борбору Софияда, 16-майдагы саммитинде Тегеран менен дүйнөнүн алты ири державасы 2015-жылы түзгөн келишимди жана Иранда бизнес жүргүзгөн европалык компанияларды коргоого аракеттенерин кайрадан ырасташты.

2015-жылдагы келишимде Иран өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, ага каршы эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин Тегерандын Европа жана Азия менен бизнес алакалары жанданган.

Европанын бир нече ири компаниясы Иран менен миллиарддаган доллардык инвестициялык келишимдерди да түзгөн.

Маселен Франциянын "Total" компаниясы Ирандын эң ири Түштүк Парс газ кенин иштетмек болгон.

АКШ 8-майда 2015-жылдагы келишимден чыкканын жарыялаганда, президент Дональд Трамп Иранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирүүчү документке кол койгон.

Өткөн аптада АКШнын Финансы министрлиги чет элдик компанияларга алар "Кошмо Штаттардын санкцияларын бузду" деген айыпка жыгылбаш үчүн Тегеран менен бизнесин үч-алты ай аралыгында токтотушу керектигин кабарлаган.

АКШнын президенти 2015-жылдагы келишимден чыгуу тууралуу чечимин Ирандын бийлиги баллистикалык ракеталарын сынап, террордук ишмердикти каржылап, ал макулдашуунун маңызын бузганы менен түшүндүргөн.(UE)

XS
SM
MD
LG