Парламент “кол тийбестикти” жоё алабы?
Жогорку Кеңеш үч күндүк талкуудан соң Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча токтом кабыл алды. Анда мурдагы премьер Сапар Исаковдун жоопкерчилигин кароо, экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштар камтылды. Саясий чөйрөнүн талкуусунда калган мындай чечим эмнеден кабар берет? Бул коррупцияга каршы күрөш боюнча чечкиндүү аракетпи же саясий өч алуубу? Бул суроолорго “Азаттыктын” "Эксперттер талдайт" көрсөтүүсү жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешов жана саяис эксперт, профессор Алмазбек Акматалиев катышты.
Чыгарылыштар
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?